Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Ноокен районундагы №6 Арал жалпы билим берүү мектебинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, аталган мектеп 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында тандап алынган 53 инновациялык мектептин бири.
Учурда оңдоп-түзөө иштеринин алкагында окуу кабинеттери, китепкана, STEM-кабинеттер, эмгекке үйрөтүү кабинети жана башка окуу жайлары жаңыланып, окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.
"Оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин мектеп STEM-лабораторияларга жана санариптик окутуу үчүн зарыл болгон жабдууларга ээ болуп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.