Бишкек 08.07.25 /Кабар/. Америкалык SpaceX компаниясына таандык Starlink спутниктик байланыш системасы Катар өлкөсүндө жеткиликтүү болду. Бул тууралуу америкалык миллиардер жана ишкер Илон Маск X социалдык тармагындагы баракчасына жазганын РИА Новости агенттиги билдирди.
Starlink — бул интернетти спутник аркылуу тарата турган система. Аны Илон Маскка таандык SpaceX компаниясы иштеп чыккан. Мында кабелдерге же байланыш мунараларына муктаждык болбойт. Сигнал космосто жүргөн чакан спутниктерден келгендиктен, алыскы интернет тартпаган жерлерде да иштей берет.
Азыркы учурда Starlink АКШ, Канада, Япония, Бразилия, Түркия, Катар, Казакстан ж.б. 70тен ашык өлкөдө бар.