Спорттун улуттук түрлөрү боюнча жыл жыйынтыгы чыкты. Кимдер мыкты деп табылды?

Спорт 08 Декабрь 2025 15:00
WhatsApp_Image_Mluf37e.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_UQMdaKi.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_2vunJtQ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 08.12.25 /Кабар/. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды.

Дирекция 13 федерациядан турат жана жылдын жыйынтыгы боюнча эң мыкты машыктыруучулар, чабандестер, ат ээлери жана федерация өкүлдөрү аныкталды.

Мындан сырткары жылдын мыкты федерациясы да өзүнчө белгиленди. Бул наам упайлардын санына жараша эмес, 2025-жылдагы жалпы ишмердүүлүк, активдүүлүк жана жетишкендиктер боюнча берилген.

Маалыматка караганда, 21 ат чабышы боюнча мелдеш өткөргөн, анын ичинде беш ири мамлекеттик турнирди уюштурган «Аргымак» федерациясы багытты өнүктүрүүдөгү салымы жана иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөргөнү үчүн жогору баалга татыган.

Жыйынтыгында «Аргымак» 2025-жылдын эң мыкты федерациясы деп табылды.