Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына жаңы жетекчи дайындалды — Кабар

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына жаңы жетекчи дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 3 июль 2025 16:09
515262864_18362821120196946_3722669792871857981_n.jpg
515202004_18362821111196946_4960633377665228312_n.jpg
Алдыга
Артка
515262864_18362821120196946_3722669792871857981_n.jpg
515202004_18362821111196946_4960633377665228312_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 03.07.25./Кабар/. Бокоев Бактыяр Макенович министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Аны эмгек жамаатына агенттиктин директору Айбек Абдымомунов тааныштырды.

Ал жаңы дайындалган директордун алдында бир катар маанилүү милдеттер турганын белгилеп, 2026-жылы өтүүчү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.

Эске сала кетсек, Бактыяр Бокоев буга чейин Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору болуп иштеп келген.