Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. 12-мартта "Газпром" Ден соолукту чындоо спорт комплексинде Жогорку окуу жайлар арасында уюштурулган Универсиаданын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш Жогорку лига жана I лига форматында уюштурулуп, студенттер спорттун 15 түрү боюнча күч сынашат.
1,2,3-орунду ээлеген командалар тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана кубоктор менен сыйланышат.