Кыргызстандын футбол командасы өлкөнүн тарыхында биринчи жолу күчтүү атаандашы, Азиянын чемпиону Катарды 3:1 эсебинде утуп алышты. Кыргызстан үчүн бул абдан маанилүү оюн эле. Себеби, бул дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюну эле. Футбол күйөрмандарынын арасында президент Садыр Жапаров өзү кыргыз курама командасын колдогону келди.

Оюн бүткөндөн кийин Кыргызстандын командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын журналистерге берген пресс-конференцияда бүгүнкү жеңиш команданын бардык аракеттерди жасаганынын жыйынтыгы деп белгиледи.
“Балдарга чоң рахмат! Катардын оюнчулары күчтүү болсо дагы, биздин балдардын соккулары даана болуп, атаандаштардын дарбазачысы топту өткөрүп ийип жатты”, - деди башкы машыктыруучу.
56-мүнөттө Катар курама командасынын оюнчусу оюн 1:1 эсебинде болуп турганда оюндан четтетилди. Бул дагы биздин команданын жеңишке жетишине оң таасирин берди окшойт. Андан соң кыргызстандыктар эки жолу гол киргизип, жеңишти илип кетишти.
“Албетте, атаандаштын четтетилиши бизге жакшы болду. Себеби аларда азчылыкта калганда биз тактиканы өзгөртүп, бул алардын коргонуусуна көбүрөөк басым жасоого жана мүмкүнчүлүктү ишке ашырууга шарт түздү», - деп кошумчалады Лисицын.

Эми Кыргызстандын командасы дүйнөлүк чемпионатка чыгыш үчүн күрөштү улантып, 5-июнда Түндүк Кореянын командасы менен беттешет. Ал эми 10-июнда Бишкекте Бириккен Араб Эмиратынын оюнчуларын кабыл алышат.
Ушул кыргыз футболчуларынын чоң жеңишинен кийин, Кыргызстанда акыркы мезгилде спортко мамлекет тарабынан кандай колдоо көрсөтүлүп жатканына токтолуп көрсөк.
Турмуш көрсөткөндөй, спорттун тагдыры бийлике келген башчыларга көз каранды болот окшойт. Биздин эле Кыргызстан боюнча мисал келтирсек, мурунку спорттон алыс болгон президенттер бул тармакка көңүл бурбай келишкен. Эсиңерде болсо керек, эл аралык мелдештерге кыргыз спортсмендери өз каражаттары менен барып катышып келишчу. Чоң байге утуп келишсе дагы , аларга мамлекет тарабына сыйлык берилчи эмес.

Эми болсо, жеңүүчүлөргө мурда болуп көрбөгөндөй батир, унаа, акчалай сыйлыктар берилип жатат. Мунун себебинин бири Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин спортко жакын экенин көрүп турабыз. Экөө тең футбол ойноп, спорттун ушул түрүнүн Кыргызстанда өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жатышат. Өлкөдө футбол академиялары, балдар үчүн көптөгөн футбол секциялары ачылып, футболдун популярдуулугу артты.
Ошону менен бмрге Кыргызстанда спорттун башка түрлөрү дагы өнүгүп жатат. Мамлекет спортко көнүл буруп жатканда, бүгүн мектеп окуучулары чемпион болобуз деп көбүрөөк кыялдана башташты.
Советтер союзу учурунда “ Спорт – тынчтыктын элчиси!” деген ураан көп айтылчу эле. Негизинен, спорттун максаты алда канча кеңири. Заманбап спорт ар кандай коомдук-саясий функцияларды аткарып, эл аралык аренада мамлекеттин беделин чыңдоого көмөктөшүп келет. Белгилүү болгондой, ар бир мамлекеттин спорттук кыймылды уюштуруунун өзүнүн жолдору бар, алар негизинен тарыхый салттарга, маданий баалуулуктарга, демографиялык шарттарга, экономикалык өнүгүүгө, илимге жана башка көптөгөн факторлорго көз каранды.

Спорт изилдөөчүлөрүнүн көз карашы боюнча, дене тарбия жана спорт коомдун социалдык түзүлүшүнүн жана өнүгүүсүнүн функционалдык негиздери менен органикалык түрдө байланышкан, башкача айтканда, өлкөнүн өнүгүү деңгээлин көрсөтө алат. Демек, спортчулардын дүйнөлүк аренадагы жетишкендиктери өлкөнүн өнүгүү деңгээлинин, жалпы улуттун жандуулугунун көрсөткүчү десек болот.
Ошондой эле анын аймагында эл аралык мелдештерди өткөрүү мамлекеттин аброю үчүн пайдалуу. Демек, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр мындай спорт оюндарын өз жеринде өткөрүп, конокторду кабыл алууга атаандашып жатканы таң калыштуу эмес. Кыргызстандагы курулуп жаткан Борбор Азия боюнча эң ири футбол стадиону келечекте чоң мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бүгүнкү күндө өлкөдө футболду өнүктүрүү бийликтегилердин жеке максаты эмес. Бул мамлекеттин реалдуу перспективалар менен бекемделген толук негиздүү саясаты.
Футболдун өнүгүшү бир нече себептерден улам өлкө үчүн жакшы болот.
Биринчиден - футбол индустриясы өнүксө, бардык катмардагы адамдарды иш менен камсыз кылууда жумуш орундары түзүлөт.
Экинчиден - клубдар жана лигалар мамлекеттик кызматтарды жана инфраструктураны каржылоо үчүн колдонулушу мүмкүн болгон олуттуу суммадагы каражаттарды жаратып, салык кирешелер көбөйөт.
Үчунчүдөн - футболдук турнирлер миллиондогон туристтерди өзүнө тартат, бул мейманкана бизнесинин, ресторандардын жана башка тейлөө тармактарынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Төртүнчүдөн - клуб жаштар академияларын, стадиондорун жана окуу жайларын өнүктүрүүгө инвестиция салып, жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө салым кошот.
Бешинчиден- көптөгөн футбол клубдары жана уюмдары ар кандай жамааттардагы жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган кайрымдуулук жана социалдык долбоорлорго активдүү катышууга аракет кылышат.
Ошентип, футболду өнүктүрүү экономиканын өсүшүнө, социалдык байланыштарды түзүүгө жана өлкөнүн жалпы бакубаттуулугун жогорулатууга салым кошо алат. Ошондуктан, бүгүнку бийлик жалпы спортко олутту мамиле жасап жаткандыгы бекеринен эмес.