Бишкек, 29.06.26 /Кабар/. АКШнын SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы кубаттуу Sirius SXM-11 санариптик радиоуктуруу спутнигин ийгиликтүү орбитага чыгарды. Бул тууралуу Интерфакс билдирет.
Маалыматка ылайык, учуруу АКШнын Флорида штатындагы Космостук күчтөрдүн 40-старттык комплексинен жергиликтүү убакыт боюнча жекшемби күнү саат 22:25те ишке ашырылды. Учуруудан болжол менен 35 мүнөт өткөндөн кийин спутник белгиленген орбитага ийгиликтүү жеткени белгилүү болду.
Салмагы 7 тонналык Sirius SXM-11 спутниги Нью-Йоркто жайгашкан Sirius XM Holdings Inc. компаниясына таандык. Ал Түндүк Америка аймагында S-диапазонундагы спутниктик радиоуктуруу кызматтарын көрсөтөт. Спутниктин кызмат өтөө мөөнөтү 15 жыл деп эсептелген.
Жаңы аппарат 2008-жылдан бери түзүлүп келе жаткан Sirius XM спутниктик тобун толуктайт. Мындан ары орбитада аталган тармактын жалпы сегиз спутниги иш алып барат.