Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. SpaceX компаниясы АКШдан эки Falcon 9 ракетасын 38 мүнөттүк аралык менен учуруп, жаңы рекорд койду, деп билдирет Kaзинформ.
Маалыматка ылайык, эки учуруу тең 15-августта болду. Биринчи Falcon 9 ракетасы Флоридадагы Канаверал аба күчтөрүнүн станциясынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:12де учурулду.
Бортто америкалык Globalstar телекоммуникация компаниясынын Жердин төмөнкү орбитасында иштей турган сегиз спутниги болгон.
SpaceX’тин маалыматы боюнча, сегиз спутниктин баары орбитага ийгиликтүү учурулган. Алардын ракетадан бөлүнүшү учкандан болжол менен 56,5 мүнөттөн кийин башталып, болжол менен алты мүнөткө созулган.
Биринчи учуруудан 38 мүнөт өткөндөн кийин, Калифорниядагы Ванденберг аба күчтөрүнүн базасынан дагы бир Falcon 9 учурулган.
Экинчи ракетадагы спутниктердин миссиясынын максаты тууралуу маалыматтар ачыкка чыгарылган жок.
АКШдагы эки учуруунун ортосундагы мындай кыска аралык SpaceX үчүн жаңы рекорд болгону белгиленүүдө.