Бишкек, 22.09.25 /Кабар/. SpaceX ишканасынын Falcon 9 ракета-ташуучусу 28 кичи спутникти орбитага алып чыкты. Бул тууралуу Известия агенттиги кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, бул спутниктер глобалдык интернет тармагын камсыздаган Starlink топтомун толуктоо үчүн жөнөтүлдү.
Starlink долбоору 2019-жылдын май айынан бери 9,7 миңден ашуун спутникти космоско чыгарды. Анын айрымдары иштен чыгып же орбитадан чыгып кеткенине карабай, азыркы тапта 8,4 миңден ашууну иштеп турат. Келечекте SpaceX жалпы 12 миң, кийинчерээк 30 миңге чейин аппарат орнотууну пландап, Жер жүзүндөгү бардык аймактарды кең тилкелүү интернет менен камсыздоону көздөйт. Долбоордун жалпы наркы 10 млрд АКШ долларына бааланууда.