Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Америкалык SpaceX компаниясы өзүнүн Starship аттуу космос кемесин 11-жолу сыноо иретинде учурду. Бул тууралуу Известия агенттиги кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, ракета Техастагы Starbase космодромунан жергиликтүү убакыт боюнча 18:24тө учурулуп, компаниянын X баракчасынан түз көрсөтүлдү.
Бул сыноодо компания Starship кемеси менен Starlink байланыш спутниктеринин сегиз жасалма үлгүсүн орбитага чыгарууга жана ошол эле учурда жерге кайтуу системасын жакшыртуу боюнча жаңы өзгөртүүлөрдү текшерүүгө аракет жасайт.
Буга чейин 20-сентябрда, The New York Times жазгандай, Starship долбоору акыркы айларда көп кыйынчылыктарга туш болду. Акыркы төрт сыноонун үчөө жарылуу менен аяктаган. Мындан улам отун системасынын жаңы сыноосу 2026-жылга жылдырылган.