Соцконтракт аркылуу төрт дүкөн ачкан лейлектик айым

Коом Загрузка... 04 Март 2026 19:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Үч жыл мурун кайтарымсыз 100 миң сомдон башталган иш бүгүн төрт дүкөнгө айланды. Ишкер айым Сейилкан Тагаева азыр жети адамды жумуш менен камсыз кылып келет. Бул ийгиликке ал “Социалдык контракт” программасы берген мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, талыкпаган эмгеги менен жетишти.

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылынын тургуну Сейилкан Тагаеванын жолдошу 5 жыл мурун каза болуп, андан кийин балдарды багуу түйшүгү анын мойнуна түшкөн. Ишкер айымдын бир уулу жана үч кызы бар.

Тагаеванын айтымында, ал “Соцконтракт” долбооруна катышканга чейин эки баласына 2300 сомдон жөлөк пул алып келген.

“Бир күнү кайтарымы жок 100 миң сомдук каражат алып, ишкерлик баштаса болорун угуп калдым. Өзүм деле бир иш баштасам деп ойлочумун, бирок түрткү жок болуп жаткан. Анан документтеримди алып Кулунду айыл өкмөтүнө кайрылдым. Социалдык коргоо кызматкерлеринин жардамы менен 2023-жылдын май айында 100 миң сомдук сертификат алдым. Ишкерлик багытын тигүүчүлүк жана соода-сатык деп белгилегендиктен, алгач кездеме сатып баштадым, соода борборунан дүкөн ачтым.

Андан соң кийим тигүүчү машинка жана кездемелерди алып, кыздарга сеп даярдап, парда тиге баштадык. Байкап көрсөм, жакшы жыйынтык берчүдөй болду. Кошумча насыя алып, дүкөндү жакшыртып, товарларды көбөйттүм. Себеби дүкөн канчалык көрктүү болуп, товары канчалык көп болсо, кардар да ошончолук көбөйөт экен.

Ошентип, үч жылдын ичинде төрт дүкөн ачууга жетиштик. Дүкөндөр “Аман” соода борборунда жайгашкан. Биринде кыздын себине керектүү буюмдар сатылат, экинчисинде этно кийимдер, үчүнчүсүндө пардалар, ал эми төртүнчү дүкөндө бөлмө гүлдөрү сатылат. Булардын баары турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар болгондуктан, соода жакшы жүрүүдө.

Соцконтракт ишкерлигимди түптөөгө жакшы пайдубал болуп берди. Дене тарбия академиясында билим алып жаткан уулумдун окуусун аяктоосуна да жардам берди”,-деди ал.

Ишкер айым учурда айылдагы кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылууда. Алардын айрымдары дүкөндө сатуучу жана тигүүчү болуп иштешсе, айрымдары буйрутмаларды үйдөн жасап беришет.

“Биздин кызматтарыбыздын бири - кыздардын себин даярдап сатуу. Дүкөндө төшөнчү жана үй буюмдарынын бардык түрлөрү бар. Баары өзүбүздүн колубуз менен жасалат.

Кийим саткан дүкөндө аял жана эркектердин этно кийимдери, баш кийимдери бар. Парда саткан дүкөндө тиешелүү бардык кызматтар көрсөтүлөт. Тигүүчүлөр кардардын буйрутмасына жараша пардаларды тигип беришет.

Төртүнчү дүкөндү гүлдөрдү абдан жактыргандыктан, хоббиме жараша ачтым. Анда бөлмө гүлдөрү, гүл челектери, дарылар, витаминдер жана керектүү азыктар сатылат.

Дүкөндөрдө бирден кыз иштейт. Мындан тышкары, үйүндө курак курап, төшөк каптаган келиндер бар. Уулум да жардам берет”,-деди ал.

Ишкер айым муну менен гана чектелип калбастан, ишкерлигин мындан ары да улантууну каалайт.

“Айылга чакан ишкана ачсам деген максатым бар. Аны ишке ашыруу үчүн имарат же жер керек. Жерлер кымбат болгондуктан, ижарага имарат берүү өтүнүчү менен айыл өкмөтүнө кайрылып жатам.

Байкасам, айыл жеринде төшөк каптаганды үйрөнүүнү каалаган кыз-келиндер көп экен. Балдарын бакчага жөнөтүп коюп, үйдө бош отурган келиндер бар. Ошолорго жумуш орду түзүлмөк. Ал жерде күнү бою отуруунун кереги жок. Алган жумушун бүтүрүп, акысын алып кете турган ыкманы киргизсек деп жатабыз”,-деп кошумчалады ал.

Сейилкан айым үчүн “Социалдык контракт” жөн гана каржылык колдоо эмес, жаңы жашоого ачылган эшик болду. Бүгүн ал өз эмгеги менен балдарын багып гана тим болбостон, башка аялдарга да жумуш берип келет.