Көк-Мойнок – Кубакы – Кочкор жолу аркылуу оор жүк ташуучу унаалар өтпөйт

Коом
Көк-Мойнок – Кубакы – Кочкор жолу аркылуу оор жүк ташуучу унаалар өтпөйт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. 5-ноябрдан тарта Көк-Мойнок – Кубакы – Кочкор жолунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми оор жүк ташуучу унаалар Балыкчы аркылуу айланып өтүшөт.

"Бул чектөө 1-апрелге чейин күчүндө болот. Мындай чечим Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте кабыл алынды",-деп айтылат билдирүүдө.