Сот да, мен да куткара албайм: Президент камактагы жигитти куткаруу өтүнүчүн четке какты

Аймак 12 октябрь 2026 12:40
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. 16 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барууга шектелип кармалган жигитти эч ким куткара албайт. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Баткен облусунун тургуну президент менен жолугушууда абакта отурган тууганына ырайым берүүнү өтүнүп кайрылган.

Анын айтымында, жабырлануучу да, анын ата-энеси да милицияга арыз жазган эмес.

Мамлекет башчысы арыздын бар-жогуна карабастан, жигит кылмыш жасаганын айтты.

Мыйзам алдында бардыгы бирдей экенин эскертип, төмөндөгүлөргө токтолду.

"Аны эч ким куткара албайт. Сот да, прокурор да, милиция да, мен дагы. Ал 23 жашта, жасаган ар бир кадамынын жоопкерчилигин аңдап билиши керек",-деди Жапаров.

Ошондой эле жергиликтүү тургун, үйү эски абалга келип кышкысын анда жашоо мүмкүн эместигин айтты. Мамлекет башчысы ӨКМ башчысына кайрылып, азырынча мобилдүү үй берип турууну, күн жылыса бул үй-бүлөгө үй куруп берүүнү тапшырды.