Sony 2028-жылдан тарта жаңы PlayStation оюндарын дискке чыгарбайт

Дүйнө Загрузка... 03 Июль 2026 09:10
WhatsApp Image 2026-07-03 at 06.02.32.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Sony Interactive Entertainment компаниясы 2028-жылдан тартып PlayStation консолу үчүн чыккан бардык жаңы оюндарды дискке чыгарууну токтотот. Бул тууралуу Kyodo агенттигине шилтеме берүү менен Казинформ маалымдады.

Компаниянын билдирүүсүнө ылайык, 2028-жылдын январынан кийин жарык көрө турган жаңы оюндар санарип форматта гана сатылат. Ал эми ушул мөөнөткө чейин диск менен чыккан же чыгары пландалган оюндарга бул чечим таасир этпейт.

Sony Interactive Entertainment компаниясынын контент боюнча коммуникациялар бөлүмүнүн улук директору Сид Шуман мындай кадам колдонуучулардын суроо-талабына жараша кабыл алынганын айтты. Анын айтымында, учурда оюн сүйүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү оюндарды интернет аркылуу жүктөп алып ойноону тандап, дисктерге болгон кызыгуу кескин азайган.

Компаниянын маалыматына караганда, 2025-жылдын март айы менен аяктаган каржы жылында оюн программаларын сатуудан 2,64 трлн иен (16,4 млрд доллар) киреше түшкөн. Анын 5 пайызга жетпеген бөлүгү гана дисктердин үлүшүнө туура келген.