Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Сокулук районунун Манас айылындагы мектеп-лицейге кошумча корпус курулду.
Курулуш, архитектура жана турак жай-комуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоордун тендердик баасы 123 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылды.
Долбоорго ылайык, жаңы мектеп 500 окуучуга ылайыкталган, заманбап окуу жана адистештирилген лабораториялар, компьютердик класс, балдар жана кыздар үчүн кол эмгек класстары, китепкана жана дарыгердин кабинети бар.
Эске салсак, мектептин эски имараты 1986-жылы курулган.
Жаңы мектеп окуучулардын билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүп берет.