Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Сокулук районундагы Романовка – Камышановка унаа жолунда асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, аталган жолдун 5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөлдү.
Жолдун оңдолушу жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз каттамды камсыз кылып, айдоочуларга жакшы шарт түзөт.
Өлкө боюнча жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө уланууда.