Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Сокулук районунун Гавриловка айылындагы окуучулардын жаңжалы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүдө Н.У. аттуу жарандын Instagram баракчасында жаш өспүрүмдөрдүн мушташы тартылган видео жарыялангандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 3-ноябрда Сокулук РИИБге аймактык ооруканадан ар кандай жаракаттары менен Т.Сатылганов атындагы орто мектептин 10-классынын эки окуучусу: Гавриловка айылынын тургундары 2009-жылы туулган Н.А. жана С.И. жеткирилгени тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 9 жана 10-класстардын окуучуларынын ата-энелери бири-биринин балдарына карата милицияга арыз менен кайрылышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жаңжалдын себеби жашы кичүү окуучулардын улуу класстагы окуучуларга болгон мурунку таарынычы болгон.
Бул факты боюнча "Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү" беренесине ылайык кылмыш иши козголду.
Окуяга катышкан бардык окуучулар аныкталып, Сокулук РИИБге тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн жеткирилди.
Тергөө иштери улантылууда. Анын жыйынтыгында окуяга тиешеси бар тараптардын аракеттерине укуктук баа берилип, мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.