Соцконтракт: Ат-Башыда ишкер жылына миллион сомдон ашык киреше табууда

Аймак 24 Июнь 2025 16:38
500092372_1485378006206958_4048674029934100135_n.jpg
504278404_1485377932873632_4999095680156047383_n.jpg
505916448_1485378096206949_2755896352528041254_n.jpg
510253402_1485378176206941_6472062971064994652_n.jpg
511147642_1485378139540278_6946386525581181336_n.jpg
Алдыга
Артка
500092372_1485378006206958_4048674029934100135_n.jpg
504278404_1485377932873632_4999095680156047383_n.jpg
505916448_1485378096206949_2755896352528041254_n.jpg
510253402_1485378176206941_6472062971064994652_n.jpg
511147642_1485378139540278_6946386525581181336_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек 24.06.25 /Кабар/. Ат-Башы айылында ишкер айым Дамира Турдалиева "Социалдык келишим" долбоорунун жардамы менен үч багытта ишкердик жүргүзүп, жылына миллион сомдон ашык киреше табууда.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ал 2022-жылы мамлекеттен алган 100 миң сом кайтарымсыз каражат менен наабайкана ачкан. Кийин пайызсыз 200 миң сом насыя алып, ашкана жана эс алуу жайын ишке киргизген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров, облус жетекчисинин орун басары Шабдан Абдырайым уулу жана Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыров ишкер айым менен жеринде жолугушуп, анын ийгилигин жогору баалашты.

Бүгүнкү күндө анын наабайканасы, "Манты" кафеси жана "Ынтымак" эс алуу жайында 10 адам туруктуу жумуш менен камсыз болгон. Дамира айым мурда жөлөк пул алып келген болсо, азыр өз күчү менен турмушун өзгөрткөн аракетчил ишкер айымга айланды.

Бул ийгилик — мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоонун туура колдонулушунун жандуу мисалы.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Нарын облусу боюнча жалпы 709 үй-бүлө социалдык келишим долбоорунун алкагында колдоо алып, өз алдынча киреше табууга кадам ташташты.