Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан бери өлкөдө “Социалдык контракт” программасы ийгиликтүү ишке ашырылып келүүдө. Бул долбоор кыска убакыттын ичинде эле жыйынтык берип, ондогон үй-бүлөлөрдүн жашоосун өзгөртүүгө жол ачты. Катышуучулар өзүлөрүнүн жашоо-шартын оңдогондон сырткары, башкаларга да жумуш орундарын түзүшүүдө.
Бул программа катышуучуларга өз ишин баштоо үчүн 150 миң сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт. Ал эми 2025-жылга чейин бул сумма 100 миң сомду түзүп келген.
Демилгенин башкы максаты - жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө шарт түзүп, алардын өз алдынча ишкерлик жүргүзүүсүнө жана туруктуу киреше табуусуна көмөк көрсөтүү.

2022-2025-жылдары 48 миң 557 үй-бүлө төмөнкү багыттарда бизнес-программаларын ишке ашырган:
- 73,3% - айыл чарба;
- 13,8% - өндүрүш;
- 6,7% - соода-сатык;
- 6,2% - кызмат көрсөтүү тармактарында.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мониторингине ылайык, катышуучулардын 94 пайыздан ашыгын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түзөт. 57 миңден ашуун жумуш орундары түзүлүп, 228 миңден ашык адамдын жашоо-шарты жакшырган. Ал эми 14 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашкан.
Бюджеттен бөлүнгөн каражаттар:
- 2022-жылы 292 млн сом - 2 800 үй-бүлөгө;
- 2023-жылы 1 млрд 36 млн сом - 10 миң үй-бүлөгө;
- 2024-жылы 2 млрд 70 млн 300 миң сом - 22 426 үй-бүлөгө (анын ичинде Дүйнөлүк банктан 3 миң үй-бүлөгө);
- 2025-жылы 2 млрд 10 млн сом - 13 331 үй-бүлөгө берилген.

Программанын алкагында 1 329 чакан ишкана ачылып, анын ичинен 186сы жеке ишкер катары катталып, 1 143ү патент менен иш алып барууда, ал эми төртөө жоопкерчилиги чектелген коом формасында иштейт.
Муну менен бирге эле 2024-жылы ишкердикти колдоого үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя бериле баштаган. Бул иштер “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” банктары аркылуу ишке ашырылууда. 2024–2025-жылдары мындай насыяны 1 200дөй үй-бүлө алган.
Ал эми быйылкы жылы бюджеттен 2 млрд 10 млн сом бөлүнүп, 13 миң 334 үй-бүлөгө берилери мерчемделүүдө. 1-мартка карата 607 үй-бүлө менен келишимдер түзүлдү. Бүгүнкү күндө арыздар кабыл алынып, комиссиялар тарабынан тандоо иштери жүргүзүлүүдө.

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Бегайым Бекболот кызы 2024-жылы соцконтракттан 100 миң сом алып, гүл дүкөнүн ачкан. Ага чейин үч баласына жөлөк пул алып, күнүмдүк жумуштарда иштеп келген.
“Башында жолдошум экөөбүз кеңешип, жем майдалоочу аппарат алганбыз. Бирок бул иш көбүнчө эркектерге ылайыктуу болгондуктан, мен өз алдымча иш баштоону чечтим. Гүлдөргө кызыкканым үчүн алгач үйдөн гүл сатып баштадым. Көп өтпөй райондун борборунан ижарага жай алып, өзүмдүн дүкөнүмдү ачтым. Азыр анда гүлдөрдүн түрүнөн, топурак, керектүү каражаттарынан бери бар”,-деди ишкер айым.
Ал белгилегендей, майрам күндөрү соода өзгөчө жанданып, киреше кыйла көбөйөт. Бирок кадимки күндөрү да кардарлар үзүлбөй, соода туруктуу жүрүп турат.
“Күнүмдүк сооданын көлөмү орто эсеп менен 3-4 миң сомдун тегерегинде болсо, майрам күндөрү 150-200 миң сомго чейин жетет. Бирок бул албетте, көрсөткүчтөр таза кирешени эсепке албаганда.

Гүлдөрдүн басымдуу бөлүгү чет өлкөлөрдөн алып келинет. Кардарлардын табитине жараша өзгөчө түрлөрүн издеп, Кытайдан, Голландиядан жана Өзбекстандан алдырабыз. Орточо баадагы спатифиллум менен антуриум гүлдөрүнө суроо-талап өзгөчө жогору. Жалпысынан биздин гүлдөр башкаларга салыштырмалуу арзан. Мындан улам кардарларыбыз да үзүлбөйт. Мен иш жүзүндө байкаганымдай, товарды көбүрөк алып келип, жеткиликтүү баада сатуу кирешени көбөйтүүгө шарт түзөт экен”,-деп белгиледи ал.
Ошондой эле Бегайым Бекболот кызы буга чейин жөлөк пулду күтүп жашаса, учурда тапкан каражаты жашоосуна кенен жетип жатканын белгилейт.
“Дүкөндү өзүм жалгыз иштетем, эч кимге көз каранды болбой, өз ишимдин кожоюнумун. Сезон учурунда улуу кыздарым менен жолдошум жардамга келип турушат. Мындан тышкары, азыр азык-түлүк жана үйгө керектүү нерселерди алууда да кыйналбай калдым. Үйдү жакшыртып эмеректерди алдым”, - деп кошумчалады.