Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Талас облусунун тургундары менен жолугушууда Бишкектен келген жарандын кайрылуусун угуп, майыптыгы бар инисине таандык жер тилкесин кайтарып берүү маселесин кароону тапшырды.
Жаран 2017-жылы сүйлөй жана уга албаган инисине жер тилкесин алганын, бирок 2024-жылы курулуш иштерин баштаганда жер УКМК кызматкерлери тарабынан мамлекетке алынганын билдирди.
Анын айтымында, жер тилкесине буга чейин топурак төгүлүп, курулушка даярдык көрүлгөн. Бирок кошуналардын "жер бош турат, ээси жок" деген маалыматына таянып, тилке мамлекетке алынган.
Президент эгер айланасындагы үйлөрдүн баары курулуп, бул үй-бүлөнүн гана жери бош калган болсо, жер тилкесин ээлерине кайтарып берүү маселесин чечүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
Жооптуу өкүл жыйындан кийин жаран менен жолугуп, маселени жеринен карап чыгарын билдирди.