Сочиге учкан 11 учак туруксуз аба ырайына байланыштуу запастагы аэродромдорго конду

Дүйнө 24 февраль 2025 09:20
Сочиге учкан 11 учак туруксуз аба ырайына байланыштуу запастагы аэродромдорго конду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Сочиге учкан 11 учак туруксуз аба ырайына байланыштуу запастагы аэродромдорго конду.

ТАСС билдиргендей, 11 учактын экипаждары Минеральные воды, Грозный жана Владикавказдагы аэродромдорго конууну чечкен.

Сочи эл аралык аэропортунун маалыматына караганда, Сочи шаарында жана Сириус федералдык аймагында 23-24-февралда метеорологдор туруксуз аба ырайы болорун, шамалдын ылдамдыгы секундасына 18 метрге жетерин кабарлаган.