Соң-Көлдөн 6,2 миң метр тор чыгарылды

Экология Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 10:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Эки күндүк рейд маалында Соң-Көлдөн жалпы узундугу 6 250 метрди түзгөн мыйзамсыз салынган эски синтетикалык балык уулоочу торлор алынып чыкты.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, рейддик иш-чаралар Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору менен “Кара-Тал-Жапырык” мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, көлдүн экологиялык тең салмактуулугун сактоо, суу биологиялык ресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу мамлекеттик органдардын артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат.