Соң-Көлдө жайыт жерлерин мыйзамсыз пайдалангандарга айып салынды

Экология Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 16:35
748254784_1753731125658136_3305156744415021627_n.jpg
748026178_872567302200680_1789145816264819610_n.jpg
751021858_1608899437245914_8805630420265535647_n.jpg
Алдыга
Артка
748254784_1753731125658136_3305156744415021627_n.jpg
748026178_872567302200680_1789145816264819610_n.jpg
751021858_1608899437245914_8805630420265535647_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Нарын облусунда жайыт жерлерин туура пайдалануу жана мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча текшерүү иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын адистери райондордун жетекчиликтерине жайыттарды коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзамсыз техникаларды колдонууга жол бербөө боюнча тапшырмаларды беришти.

Ошондой эле жайыттарда рейддер өткөрүлүп, Кочкор районундагы Соң-Көл жайыттарында эрежени бузган 11 жаран аныкталды. Аларга мыйзамга ылайык ар бирине 7 миң 500 сомдон, жалпы 82 миң 500 сом айып салынды.

Адистер жайыттарды сактоо жана мыйзам талаптарын аткаруу боюнча текшерүүлөр мындан ары да жүргүзүлөрүн билдиришти.