Бишкек, 17.09.25 /Кабар/. Словакиянын борбору Братиславада жана өлкөнүн дагы 15 шаарында салыктарды жогорулатууга каршы акциялар болуп өттү. Бул тууралуу Коммерсант жазды.
Маалыматта белгиленгендей, баш калаадагы нааразылык акциясына болжол менен 18 миңдей адам чыккан.
Митингге оңчул-борборчул “Эркиндик жана тилектештик” партиясынын жана христиан-демократиялык кыймылынын өкүлдөрү да катышты.
Быйыл сентябрдын башында Словакиянын Финансы министрлиги бюджетти турукташтыруу планын сунуштаган. Ал бюджеттик тартыштыктын өсүшүн жана мамлекеттик карыздын көбөйүшүн алдын алууну көздөйт. Планга айрым азык-түлүккө кошумча нарк салыгын жогорулатуу, полиция жана өрт өчүрүүчүлөрдүн айлык акыларын “тоңдуруу”, ошондой эле майрамдык эс алуу күндөрүн азайтуу чаралары кирген.