Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Кыргызстанга келет

Саясат Загрузка... 24 Апрель 2025 09:33
241018_Blanar_ZPC_Srbsko_Belehrad_1210_Djuric_minister_memorandum_TK_729.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар 24-25-апрелде расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ал кыргызстандык кесиштери Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келүүдө.

Расмий сапардын алкагында эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландалууда.

Бул жолугушууларда кыргыз-словак кызматташтыгы боюнча кеңири спектрдеги эки тараптуу маселелер талкууланат.