Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Сүлүктү шаарында 2021–2026-жылдары 19 курулуш долбоору ишке ашырылды. Бул тууралуу шаардын мэри Болот Абдыжапаров президент Садыр Жапаровдун район тургундары менен жолугушуусунда билдирди.
Анын маалыматына караганда, бул мезгилде жергиликтүү бюджеттен 358 млн сом өздөштүрүлгөн. Ошондой эле акыркы беш жылда шаарда 192 иш-чара өткөрүлгөн.
Ишке ашырылган долбоорлордун арасында Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерине арналган көп кабаттуу үйлөрдү капиталдык оңдоо иштери жүрүп, ал аяктагандан кийин имараттар пайдаланууга берилген. Мэрдин маалыматына ылайык, учурда инвесторлордун каражатынын эсебинен 250 окуучуга ылайыкталган И. Бектемиров атындагы № 8 мектептин жана 384 окуучуга ылайыкталган Н. Кушматов атындагы № 9 мектептин курулушу уланууда.
Мындан тышкары, мамлекет башчысына кошумча колдоого муктаж болгон долбоорлор тааныштырылды.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймакта ишке ашырылып жаткан иштер жана аны мындан ары өнүктүрүү келечеги тууралуу маалымат менен таанышууда.