Сүлүктүдө аскер кызматкерлерине кызматтык батирлер тапшырылды

Аймак 12 Декабрь 2025 15:40
WhatsApp Image 2025-12-12 at 15.37.49.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-12 at 15.37.49 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-12 at 15.37.50 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-12 at 15.37.50 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-12 at 15.37.50.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.12.25 /Кабар/. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында аскер кызматкерлерине арналган кызматтык батирлер расмий түрдө пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышканын, Region телеканалы билдирди.

Анда белгиленгендей, Сүлүктү шаарындагы 2051 аскер бөлүгүнүн аймагында жайгашкан, мурда кароосуз калган төрт кабаттуу имарат республикалык бюджеттин эсебинен толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 64 батирлүү заманбап кызматтык турак жайга айландырылды.

Оңдоо жана реконструкциялоо иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, октябрь айында толугу менен аяктаган. Алар бардык санитардык-техникалык жана социалдык талаптарга жооп берген шарттар менен жабдылды.