Жасалма кезек уюштурган. "Достук" өткөрмө бекетинин башчысы кармалды

Укук тартиби 4 февраль 2026 10:08
WhatsApp Image 2026-02-04 at 06.45.17.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-04 at 06.45.17 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-04 at 06.45.16.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-04 at 06.45.16 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-02-04 at 06.45.17.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-04 at 06.45.17 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-04 at 06.45.16.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-04 at 06.45.16 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. "Достук-автожол" көзөмөл өткөрүү пунктунун башчысы системалуу коррупция боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-февралда "Достук-автожол" көзөмөл өткөрүү пунктунда мезгил-мезгили менен жасалма кезектерди уюштурганы үчүн Чек ара кызматынын көзөмөл өткөрүү пунктунун башчысы А.Н.О. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган кызматкер чет элдиктерди чек арадан мыйзамсыз өткөрүү үчүн туруктуу пара алып, кылмыштуу топторго калканыч болуп келгени аныкталды.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлер такталууда жана чек арадан өтүүнү жеңилдетүү иштери жүрүүдө.