Сириядагы саламаттык сактоо системасы колдоого алынат

Дүйнө Загрузка... 23 Сентябрь 2025 08:55
4c23ac53-9128-4af8-a274-25b8990419cd.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Сауд Аравия Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен Сириядагы шашылыш медициналык кызматтарды колдоо боюнча биргелешкен программаны баштоо келишимине кол койду. Бул тууралуу SPA маалымат агенттиги билдиргенин, Анадолу жазды.

Маалыматка караганда, документке Падыша Салман атындагы гуманитардык жардам берүү борбору менен ДССУнун ортосунда БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йорктогу 80-сессиясынын алкагында кол коюлду.

Келишимге ылайык, программа Сириянын Идлиб, Алеппо, Хомс жана Хама провинцияларындагы тез жардам кызматтарын камтыйт.

Демилгенин алкагында 70 медициналык мекеменин ишин колдоо, медицина кызматкерлерин айлык акы менен камсыздоо, дары-дармек жана медициналык жабдууларды жеткирүү пландалууда.

Программа бул аймактарда жашаган 1,5 миллионго жакын адамга медициналык жардам көрсөтөт деп күтүлүүдө.