Сирия менен Израилдин ок атышпоо келишими күчүнө кирди

Дүйнө Загрузка... 21 Июль 2025 10:51
WhatsApp Image 2025-07-21 at 09.20.14.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Сирия менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо келишими жекшемби күнү күчүнө кирди. Бул тууралуу Интерфакс АКШнын Түркиядагы элчиси жана ошол эле учурда АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Том Баррак билдиргенин жазды.

Анын айтымында, Дамаск убактысы боюнча саат 17:00дө жаңжалдын бардык тараптары тыныгууга жана согуштук аракеттерди токтотууга өтүштү.

Ал белгилегендей, узак мөөнөттүү жөнгө салууга карай кийинки кадам эми барымтадагыларды жана туткундарды алмашуу болот.

Бир күн мурда Сирия бийлиги жалпы ок атышпоо режимин дароо киргизгенин жарыялаган.