Сингапурда эпидемиянын кесепетин эрте аныктоочу жасалма интеллект ойлоп табылды

Дүйнө Загрузка... 02 Декабрь 2025 09:20
WhatsApp Image 2025-12-02 at 09.24.20.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Сингапурдук адистер Азиянын башка өлкөлөрүндөгү өнөктөштөрү менен биргеликте оорунун жайылуу коркунучтарын кадимки анализ ыкмаларына караганда эртерээк аныктай алган жасалма интеллектке негизделген куралды ойлоп табышты, деп ТАСС долбоордун уюштуруучуларына шилтеме берип жазды.

"Бүгүн анализ жана чечим кабыл алуу үчүн жасалма интеллектке негизделген PathGen платформасы коомчулукка биринчи жолу сунушталды. Ал жаңы оору коркунучтарын эртерээк аныктай алат, тобокелдиктерди тезирээк баалайт жана жооп кайтаруу чараларын координациялай алат", - деп айтылат презентацияны уюштурган Сингапурдун DukeNuse университетинин Оорунун жайылуу коркунучуна даярдык борборунун билдирүүсүндө.

Платформа алты өлкөнүн окумуштуулары тарабынан биргелешип иштелип чыгууда: Сингапур, Индонезия, Малайзия, Таиланд, Вьетнам жана Филиппин. Курал патоген геномдору, клиникалык маалыматтар, калктын маалыматы, климат жана ооруну алып жүрүүчү курт-кумурскалардын жашоо чөйрөсү сыяктуу ар кандай маалыматтарды талдап, бириктире алат.

Бул маалыматтарды колдонуу менен жасалма интеллект дарылоо ыкмаларын, вакциналарды жайгаштыруу жана медициналык кызматкерлерди жөнөтүү жөнүндө тез арада так чечимдерди кабыл ала алат. Бул курал оорунун жайылышын көзөмөлдөн чыгып кете электе токтотууга жардам берет.

Платформаны сыноодон өткөрүү 2026-жылдын башына пландалууда.