Синьцзянда мурда жогорку кызматты ээлеген адамга өлүм жазасы өкүм кылынды

Дүйнө Загрузка... 10 Июль 2025 16:24
WhatsApp Image 2025-07-10 at 10.17.57.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 10.07.25 /Кабар/. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиясынын мурдагы чиновниги Доу Ваньгуй паракорчулук үчүн айыпталып, ага өлүм жазасы өкүм кылынды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдиргенин Коммерсант басылмасы жазды.

Маалыматта белгиленгендей, ага карата өкүм дароо күчүнө кирбестен, эки жылга созулат. Ошондой эле ал саясий укуктарынан өмүр бою ажыратылып, бардык жеке мүлкү мамлекетке алынат.

Тергөөнүн жүрүшүндө анын 2003-жылдан 2022-жылга чейин — 19 жыл бою пара алып келгендиги аныкталган. Синьцзянда ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеп, өзүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланып, айрым компанияларга жана адамдарга тендерлерди утуп берүү, жер казынасын иштетүү, кызматка көтөрүлүү сыяктуу маселелерде көмөк көрсөткөн.

Жыйынтыгында мыйзамсыз тапкан кирешеси 229 млн юанга (32 млн доллар) жеткени айтылат.

Сот чечиминде анын күнөөсүн мойнуна алышы, өкүнүшү жана мыйзамсыз алган акчаларды кайтарганы жеңилдетүүчү жагдай катары эске алынган.