Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Биргелешкен аракеттерибиздин аркасында Кытай менен Кыргызстандын мамилелери өнүгүүдө. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен болгон кенен курамдагы сүйлөшүүсүндө билдирди.
Кытай лидеринин айтымында, Кытай Кыргызстандын ынак коңшусу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөшү болуп саналат.
Ошондой эле ал өз сөзүндө Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен кыргызстандыктарды кытай элинин атынан чын жүрөктөн куттуктап, өлкөгө гүлдөп-өнүгүү каалады.
“Жети жылдан кийин кооз Кыргызстанга келгениме кубанычтамын. Сиздин жетекчилигиңиз астында жаңы Кыргызстандын курулушу сөзсүз түрдө жаңы ийгиликтерге жетет деп ишенем. Акыркы жылдары биздин биргелешкен аракеттерибиздин аркасында Кытай менен Кыргызстандын мамилелери өнүгүүгө жетишти, бардык тармактарда кызматташуу гүлдөп-өнүгүп жатат.
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу сыяктуу көптөгөн долбоорлор туруктуу өнүгүп, эки өлкөнүн өнүгүшүнө натыйжалуу салым кошуп, көпчүлүк калкка пайда алып келип, аймактык тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылууда”, - деди Си Цзиньпин.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин күн мурун, 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген.
Кытайдын лидери Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана башка иш-чараларга катышары күтүлүүдө.