Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Урматтуу кесиптешим Си Цзиньпин Кыргызстанга кош келиңиз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ошондой эле мамлекет башчысы эки өлкөнүн президенттеринин “Манас” эл аралык аэропортундагы жолугушуусунан кыскача видео жарыялады.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытайдын президенти Си Цзиньпин бүгүн, 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди.
Сапардын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.
Ошондой эле Кытайдын төрагасы Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана башка иш-чараларга катышат.