Швециянын үч тасмасы "Оскар" сыйлыгына ат салышат

Дүйнө 193 20 Август 2026 11:00
images_5y16zRM.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 19.08.26 /Кабар/. Швециянын кино институту “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты эл аралык толук метраждуу тасма” номинациясында өлкөнүн атынан көрсөтүлө турган талапкерлердин тизмесине үч тасманы киргизди.

АЗЕРТАЖ агенттигинин маалыматына караганда, тизмеге Алекс Шульмандын Arkipelag (“Архипелаг”), Аманда Кернеллдин Gör hjärtat hårt (“Жүрөктү катуу кыл”) жана Йенс Шёгрендин Jävla karlar (“Каргыш тийген эркектер”) тасмалары кирди.

Швециянын кино институтунун башкы директору Анна Кронемандын айтымында, тандалган тасмалар азыркы швед киносундагы көз караштардын жана окуялардын ар түрдүүлүгүн чагылдырат.

Arkipelag тасмасында үч ата кыздары менен бирге мектепке саякатка чыгышат. Сапардын жүрүшүндө алар өздөрүнүн өспүрүм кезиндеги оор окуялары жана көйгөйлөрү тууралуу эскерүүлөрү менен бетме-бет келишет.

Gör hjärtat hårt тасмасынын башкы каарманы — 20 жаштагы Эйва. Ал атасы каза болгондон кийин үй-бүлөгө таандык түндүк бугуларынын үйүрүнө кам көрүү жоопкерчилигин өз мойнуна алууга аргасыз болот. Тасманын европалык премьерасы Сан-Себастьян кинофестивалынын негизги сынак программасында өтөт.

Ал эми Jävla karlar тасмасы швед адабиятынын абройлуу Август сыйлыгына татыган Эндрю Вальдендин ушул эле аталыштагы романынын негизинде тартылган.

Үч тасманын кайсынысы “Оскар” сыйлыгына Швециянын атынан көрсөтүлөрү сентябрдын башында жарыяланат. Сыйлыктын расмий талапкери келерки жылдын 21-январында белгилүү болот.

“Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты эл аралык тасма” номинациясында Швециядан буга чейин 17 тасма көрсөтүлүп, алардын төртөө сыйлыкка ээ болгон.