Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Швециянын Лилла-Карлсё аралындагы Судер Вагнхус үңкүрүндө жүргүзүлгөн археологиялык казуулар учурунда курсагында түйүлдүгү бар жаш кош бойлуу аялдын сөөгү табылды.
Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, алдын ала эсептөөлөр боюнча табылга болжол менен 9 миң жылдык. Анын так жашы лабораториялык изилдөөлөрдөн кийинки радиокөмүртектүү анализ аркылуу аныкталат.
Казуу иштеринин жетекчиси Александер Рёсен Шёстранддын айтымында, мындай табылгалар өтө сейрек кездешет. Алгач түйүлдүктүн калдыктары жаңы төрөлгөн ымыркайдыкы деп болжолдонгон, бирок сөөктөрдү кеңири изилдөө анын түйүлдүк экенин көрсөткөн.
Окумуштуулар калдыктардын жакшы сакталышын үңкүрдөгү кычкылтек аз чопо топурак жана акиташтуу чөйрө менен байланыштырышууда.
Эгер табылганын жашы такталса, ал илимге белгилүү болгон эң байыркы жана жакшы сакталган адам түйүлдүктөрүнүн бири болушу мүмкүн.
Археологдор казуу иштерин улантып, аялдын калган сөөктөрүн табууга жана байыркы көмүү жайы тууралуу көбүрөк маалымат алууга үмүттөнүүдө.