Швецияда жүргүнчүлөрү бар автобус оодарылып кетти

Дүйнө 6 октябрь 2026 09:20
Швецияда жүргүнчүлөрү бар автобус оодарылып кетти
copyright icon www

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Швецияда Векшё жана Альвеста шаарларынын ортосундагы №25 трассада Länstrafiken Kronoberg аймактык ташуучусуна таандык эки кабаттуу автобус катышкан олуттуу жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ агенттиги билдирди.

Куткаруу кызматынын маалыматына караганда, автобуста кеминде 30 адам болгон. Бир нече жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Жабыркагандардын так саны жана алган жаракаттарынын оордугу азырынча такталууда.

Кырсык болгон жерде полиция кызматкерлери, куткаруучулар жана тез жардамдын бир нече бригадасы иштеп жатат. Укук коргоо органдары автобустун айдоочусун жана жүргүнчүлөрдү суракка алууда. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.

Кырсыкка байланыштуу Векшё жана Юнгбю шаарларындагы ооруканалар жогорку даярдык режимине өткөрүлдү. Медициналык мекемелер жабыркагандарды кабыл алууга даярданып, анын ичинде жандандыруу, хирургия жана рентгенология бөлүмдөрүнүн даярдыгы күчөтүлдү.

Маалыматка караганда, №25 трассанын Альвеста багыты жабылды. Кырсык транспорт кыймылына олуттуу таасирин тийгизүүдө.