Швеция жарандык алуу талаптарын катаалдаштырды

Дүйнө Загрузка... 30 Апрель 2026 14:55
8abf3b3b-0807-4bcc-9a6b-771c8ab9698b.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.04.26 /Кабар/. Швециянын парламенти өлкө жарандыгын алуу эрежелерин катаалдаштырган жаңы мыйзам кабыл алды. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, өзгөртүүлөргө ылайык, эми чет өлкөлүктөр жарандыкка тапшыруудан мурда Швецияда кеминде сегиз жыл жашашы керек болот. Бул мурдагы талаптан үч жылга узак.

Мындан тышкары, 16 жаштан жогору талапкерлер жарандык боюнча атайын тесттен өтүшү зарыл. Ал тест швед тилин жана өлкөнүн коомдук түзүлүшүн билүүнү камтыйт.

Ошондой эле жаңы мыйзамда киреше боюнча талап киргизилди. Жарандыкка талапкердин жылдык кирешеси кеминде 241,8 миң швед кронун (болжол менен 22 миң доллар) түзүшү шарт.

Жаңы эрежелер 6-июндан тарта күчүнө кирет. Белгилей кетсек, бул талаптар мурда арыз берип койгон жарандарга да тиешелүү болот.