Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Швеция гендердик теңчиликте позициясын жоготуп, Норвегия алдыга чыкты. Бул тууралуу Allbright фондусунун Скандинавия компанияларынын жетекчилигиндеги гендердик теңдик жөнүндө жаңы отчётунда айтылат.
АЗЕРТАЖ кабарлагандай, изилдөө Швеция бул багыттагы прогрессти жайлатканын, ал эми Норвегия 2006-жылы кабыл алынган квоталар жөнүндөгү мыйзамдын аркасында эң чоң ийгиликке жеткенин көрсөтөт.
Швеция компанияларынын директорлор кеңешиндеги аялдардын үлүшү 37 пайыздан 36 пайызга төмөндөгөн, бирок аткаруучу командаларда 1 пайызга өскөн. Ошентсе да, негизги кызматтарды дагы деле эркектер ээлейт.
Норвегияда аялдар директорлор кеңештеринин 41 пайызын түзөт.
Данияда болгону 30 пайыз, бирок учурда эң тез өнүгүп жаткан өлкө Дания болуп саналат. Үч жылдын ичинде бул өлкөдө жетекчиликтеги аялдардын үлүшү 15 пайыздан 23 пайызга чейин өскөн.
Фонддун башчысы Аманда Лундетег белгилегендей, квота киргизүү буга чейин теңдиктин белгилүү бир деңгээлине жеткен Швеция үчүн жалпы чечим боло албайт. Ал системалуу мамиленин маанилүүлүгүн баса белгилейт: милдеттүү максаттар, компаниялардын отчеттуулугу жана эркектер менен аялдардын ортосундагы декреттик өргүүнүн адилеттүү бөлүштүрүлүшү.
Фонд Скандинавия теңдик маселелеринде дүйнөлүк лидер статусун жоготуп алуу коркунучунда экенин эскертет, анткени Европанын көптөгөн өлкөлөрү көрсөткүчтөр боюнча аларды кууп жетип жатышат.