Швеция Дүйнөлүк банк аркылуу Украинаны калыбына келтирүүгө 10 млн доллар жөнөтөт

Дүйнө Загрузка... 07 Март 2025 09:27
WhatsApp Image 2025-03-07 at 06.15.16.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Швеция Дүйнөлүк банк аркылуу Украинаны калыбына келтирүүгө 10 млн доллар жөнөтөт. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка караганда, Швециянын өкмөтү Киевге кошумча 100 млн крон (дээрлик 10 млн доллар) бөлүүнү чечкен. Бул каражат инфраструктурага инвестиция салууга, анын ичинде темир жолду калыбына келтирүүгө жумшалары айтылды.

Акыркы үч жылда Швеция Украинага 73 млрд крон (7,3 млрд доллар) бөлгөн.

Дүйнөлүк банктын баалоосу боюнча, Украинаны калыбына келтирүүгө 524 млрд доллар керектелет.