Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Шри-Ланкада чикунгунья илдети катталды. Бул тууралуу Известия кабарлады.
Маалыматка караганда, чикунгунья оорусу чиркейлер чаккан учурда жугат. Вирусту алып жүрүүчү чиркейлер көбүнесе күндүз активдешет. Илдеттин белгилери оору жуккандан 2-12 күн өткөндөн кийин пайда болот. Анда муундардын катуу оорусу, дене таптын көтөрүлүшү жана денеге кызыл бүдүрлөр чыгышы менен байкалат. Бул инфекцияга каршы вакцина же атайын дары каражаты жок.
Эпидемиологиялык жагдайдын начарлаганына байланыштуу жарандарга алдын алуу чараларын сактоо керектиги айтылууда.
Шри-Ланкада жашагандарга эшик жана терезелерге торлорду тагууну, денени жабып жүрүүчү кийимдерди кийип жүрүү сунушталууда.