Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Шпицберген архипелагындагы мөңгүлөр тез эрий баштаганын орус окумуштуулары байкаган. Бул тууралуу Арктика жана Антарктика боюнча илимий-изилдөө институтунун (ААНИИ) маалымат кызматы билдиргенин INTERFAX.RU басылмасы жазып чыкты.
"Шпицберген климаттык өзгөрүүлөрдүн эпицентринде жайгашкан: мөңгүлөрдүн мындай азайышы 4 миң жыл мурун, Хеопс пирамидасы жана акыркы мамонттор доорунда болгон", - деп айтылат билдирүүдө.
Анда акыркы беш жылдын ичиндеги байкоолор боюнча жыл сайын муздун 2,5 метрге чейинки катмары жоголуп жатканы белгиленет.
"Мөңгүлөрдүн эрүү темпи абдан жогору. Эгер муздун эрүү динамикасы ушундай темпте улана берсе, Баренцбург айылына жакын жайгашкан, орто эсеп менен 80 метр калыңдыктагы Альдегонда мөңгүсү отуз жылдан кийин биздин көз алдыбызда толугу менен жок болуп кетиши мүмкүн", - деген ААНИИнин илимий кызматкери Антон Терехов.
Изилдөөлөрдүн заманбап ыкмаларына ылайык, андан сырткары, мөңгүлөрдүн гидротермиялык түзүмүндөгү, пульсация, кыймылындагы өзгөрүүлөр да көрүнүүдө. Мөңгүлөрдүн эриши арктикалык экосистемаларга таасир этет. Таза суу агымын, дарыялардын режимин, тоңдурулган жердин динамикасын жана куймалардын суусунун курамын өзгөртөт.
Маалымат үчүн: Шпицберген архипелагы - Түндүк муз океанында, Норвегиянын түндүк тарабында жайгашкан. Аянты - 61 022 км². Үч аралдан турат. Административдик борбору - Лонгъир. Демилитаризделген (аскердик аракеттердин бардык түрлөрүнө тыюу салынган) аймак болуп саналат. 3 миңге жетпеген калк жашайт.