Шопоков шаарында жаңы парк курулат

Коом 265 29 Июль 2026 09:15
756590466_1549078383357872_4966053229117931896_n.jpg
758264874_1549078376691206_4514240153167937278_n.jpg
Алдыга
Артка
756590466_1549078383357872_4966053229117931896_n.jpg
758264874_1549078376691206_4514240153167937278_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Шопоков шаарында курула турган жаңы парктын эскиздик долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалды.

Долбоор шаар тургундары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөө мейкиндигин түзүүгө багытталган. Паркта жашылдандыруу, жөө адамдар үчүн аллеялар, отургучтар, жарыктандыруу тутумдары, чакан архитектуралык формалар жана эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.