Баткен шаардагы сейил бакты жаңылоо боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты

Аймак 1320 06 Март 2025 10:25
481674301_1147307110201670_6249521871953199430_n.jpg
481963073_1147307240201657_8209787596507200157_n.jpg
481508200_1147307103535004_7779145273559686092_n.jpg
481708563_1147307200201661_3225791353299023312_n.jpg
481776319_1147307066868341_954154853739838127_n.jpg
481914344_1147307216868326_5105992581627263186_n.jpg
481945378_1147307180201663_2028186593827107634_n.jpg
482068526_1147307166868331_3398718599739413584_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек,06.03.25. /Кабар/. Баткен шаарынын борбордук стадионунун аймагында жайгашкан сейил бакты жаңылоо боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сейил бактын эскилиги жеткендигинен улам жаңы долбоор шаардыктардын жана коноктордун эс алуусуна ылайыкташтырылып иштелип чыккан. Учурда мэриянын кароосуна сунушталды.

Эскиздик долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү катары 100дөн ашуун унаа токтотуучу жайы, жүрүүчүлөр үчүн кеңейтилип түзүлгөн жолдор жана жашылдандыруу аймактары камтылган.

Долбоор Баткен шаарын жандандырып, шаардык инфраструктуранын жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө чоң салым кошоору күтүлүүдө.