Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын жарышчысы Шон Торренте Кыргызстанга келе электе бул өлкө жөнүндө эч нерсе билбегенин, бирок бул жердин кооз жаратылышын көрүп, жарышка катышып жатканына абдан кубанычта экенин билдирди.
Ысык-Көл облусунун Бает айылында өткөн маалымат жыйынында Торренте учурда АКШнын Флорида штатында жашай турганын, буга чейин Абу-Дабиде жана Дубайда машыгып, мелдештерге катышканын айтып берди. Спорттук карьерасында Кариб деңизинин аймагындагы өлкөлөрдүн, Австралия, Кытай, Европанын жана башка көптөгөн аймактардын суу мейкиндиктеринде күч сынашкан.
"Мен жарышка чыккан ар бир суу мейкиндиги өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Ошондуктан биз, пилоттор, сууга чоң урмат менен мамиле кылабыз. Бул - биздин чөйрөбүз. Ал бизге сүйүктүү ишибиз менен алектенүүгө жана өзүбүз каалаган жашоону сүрүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деди спортчу.
Торрентенин айтымында, ал үчүн эң чоң ачылыш Кыргызстан болду.
"Чынын айтсам, бул мелдешке чакырылганга чейин Кыргызстан тууралуу эч качан уккан эмесмин жана бул өлкөдөн эмнени күтөөрүмдү билген эмесмин. Бирок бул жакка келгенде жаратылыштын кооздугуна абдан таң калдым. Бул укмуштуудай кооз жер экен", - деди ал.
Пилот дүйнө чемпионатынын этабын өткөрүү Кыргызстанды эл аралык аудиторияга таанытуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
"Бул жерде жарышка катышуу биз үчүн чоң сыймык. Жарыштын телетрансляцияларын дүйнөнүн 80-90 өлкөсүндөгү көрүүчүлөр көрүшөт. Бул Кыргызстанды, анын кооз жаратылышын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн миллиондогон адамдарга көрсөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк", - деп билдирди Шон Торренте.
Сөзүнүн соңунда спортчу Кыргызстанга мындан аркы өнүгүүнү каалап, дүйнө чемпионатынын этабы өткөндөн кийин өлкө тууралуу дүйнө жүзүндө дагы көп адамдар биле баштарына ишенимин билдирди.