ШКУнун санариптик экономика боюнча форуму сентябрда Кытайда өтөт

ШКУ 215 19 Август 2026 12:00
6a3bbde3bcaa1-thumb.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) санариптик экономика боюнча 2026-жылдагы форуму 14-16-сентябрда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун административдик борбору Үрүмчү шаарында өтөт. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт өкүлдөрү, аналитикалык борборлорунун, ири компанияларынын, жогорку окуу жайларынын жана тармактык ассоциацияларынын өкүлдөрүнөн жалпы 500гө жакын адам, анын ичинде 200дөн ашуун чет элдик конок катышары күтүлүүдө.

Форумдун алкагында министрлер деңгээлинде жабык жыйын, ачылыш аземи, пленардык отурум жана тематикалык 4 талкуу өтөт.

Талкуулар санариптик байланыш, санариптик соода, транспорттук-логистикалык коридорлордун экономикасы, санариптик жана акылдуу технологияларды өнөр жайда колдонуу, санариптик башкаруу жана санариптик потенциалды өнүктүрүү маселелерине арналат.

Ошондой эле бизнес жолугушуулар, интерактивдүү көргөзмө жана жергиликтүү долбоорлор менен ишканаларга баруу уюштурулат.

Белгиленгендей, санариптик экономика жаатындагы кызматташтык акыркы жылдары ШКУнун негизги багыттарынын бири болуп калды. 2025-жылы Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУ саммитинде уюмга мүчө мамлекеттер санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты күчөтүү тууралуу билдирүү кабыл алышкан.