ШКУнун кинофестивалында роботтор бийледи

ШКУ Загрузка... 17 Июль 2026 09:25
WhatsApp Image 2026-07-17 at 09.16.16.jpeg

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземиндеги эң өзгөчө номерлердин бири — Кытайдын Unitree технологиялык компаниясы чыгарган гуманоид роботтордун бийи болду.

Кинематография департаментинин маалыматына ылайык, сахнага төрт робот чыгып, алгач заманбап кытай музыкасынын коштоосунда, андан соң кыргыздын улуттук күүсүнө ылайык хореографиялык композиция аткарышты.

Бул номер фестивалдын расмий программасына заманбап технология менен искусствонун айкалышын чагылдырган символ катары киргизилди. Анын көрсөтүлүшү ачылыш аземинин негизги идеясын — кинематография салт менен жаңычылдыкты бириктирерин, ал эми бүгүнкү күндө маданий диалог чыгармачылык аркылуу гана эмес, жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн жардамы менен да өнүгүп жатканын айгинеледи.

Роботтордун бийи ачылыш аземиндеги масштабдуу концерттик программанын бир бөлүгү болду. Концертке Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын өнөрпоздору жана чет өлкөлүк аткаруучулар да катышты.

“Бул номер Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бири болгон Кытайдын фестивалдын маданий программасына кошкон салымын өзгөчө белгилеп, коноктор менен катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты”, - деп айтылат маалыматта.