Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында эксперттик коомчулуктун жана ЖМКлардын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, аларды конкреттүү интеграциялык долбоорлорго айлантуу зарыл. Бул тууралуу Кыргызстандагы “Ой Ордо” эксперттик демилгелер борборунун директору Игорь Шестаков ШКУнун ЖМК жана аналитикалык борборлор форумунда билдирди.
Анын айтымында, мындай иш-чаралар ШКУну коомчулукка жакындатууга жана уюмдун ишмердигин түшүнүктүү кылууга жардам берет.
“ШКУ менен көптөгөн үмүттөр байланыштуу. Уюмдун таасири эл аралык укуктун нормаларын сактоо принциптерин дүйнөлүк күн тартибине кайтарууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз”, — деди ал.
Игорь Шестаков ШКУ өлкөлөрүндө күчтүү маалымат каражаттары, илимий борборлор жана эксперттик түзүмдөр бар экенин белгилеп, эми бул потенциалды биргелешкен изилдөө базаларын жана практикалык долбоорлорду түзүүгө багыттоо керектигин айтты.
Анын пикиринде, азыркы учурда негизги маселе — уюмга мүчө мамлекеттердин эксперттик мүмкүнчүлүктөрүн реалдуу интеграциялык демилгелерге айландыруу болуп саналат.
“Эксперттик коомчулуктун мүмкүнчүлүгү чоң, бирок аны ишке ашыруунун так механизмдери дагы деле толук калыптана элек”, — деди ал.
Шестаков ЖМКлар менен аналитикалык борборлор ШКУнун маанилүү чечимдерин жана демилгелерин коомчулукка жеткирүүдө чоң роль ойной турганын белгиледи. Маалымдалгандай, коопсуздук, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кабыл алынган чечимдерди элге түшүндүрүү үчүн уюмдун түзүмдөрү, эксперттик борборлор жана маалымат каражаттары тыгыз кызматташуусу керек.
Ошондой эле ал Кыргызстан ШКУ өлкөлөрүнүн чек ара аймактарында эксперттик жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу аянтча боло аларын айтты. Себеби өлкө Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет.
“Мындай иш-чараларга жергиликтүү бийлик органдарын, ишкердикти, коомдук уюмдарды жана ЖМКларды тартуу менен экономикалык, туристтик жана маданий-гуманитардык долбоорлорду иштеп чыгууга болот”,— деди ал.
Шестаков ШКУнун 25 жылдык тарыхында өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштар бекемделип жатканын белгилеп, мындай форумдар мамлекеттерди жөн гана коңшу эмес, достук мамиледеги өнөктөштөргө айлантууга жардам берерин кошумчалады.