Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин медиафорумунун алкагында маалыматтык кызматташтыкты кеңейтүү, санариптик журналистика жана жасалма интеллекттин медиадагы ролу талкууланууда. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева билдирди.
Анын айтымында, биринчи ШКУ медиафоруму 2019-жылы Кыргызстандын демилгеси менен өткөрүлгөн.
“Биз Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында бул демилге кайрадан колдоого ээ болуп, Кыргызстанда өтүп жатканына кубанычтабыз. Биздин максат — ШКУга мүчө мамлекеттердин медиа түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташууну күчөтүү болуп саналат. Ар бир мамлекеттик медиада өзүнүн иштелип чыккан тажрыйбасы жана механизмдери бар. ШКУ алкагында көп тараптуу кызматташтык жана миллиондогон аудиторияны камтыган жалпы маалыматтык мейкиндикти калыптандыруу маанилүү”,- деди ал.
Ошондой эле ал жалпы маалыматтык ресурстарды түзүү зарылдыгын белгилеп, ШКУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен телеканалын түзүү сунушу айтылганын билдирди.
Анын айтымында, бул демилге келечекте ишке ашырылышы толук мүмкүн.
Форумдун күн тартибинде санариптик журналистика жана жасалма интеллект маселелери да негизги темалардын бири болорун маалымдады.
“Бүгүнкү күндө салттуу ЖМКлар өз ишинин форматын өзгөрттү. Мындан тышкары, маалымат мейкиндигинде блогерлер жана инфлюенсерлер сыяктуу жаңы оюнчулар пайда болду. Маалымат социалдык тармактар жана санариптик платформалар аркылуу өтө ыкчам таралууда”, — деди ал.
Ал ошондой эле заманбап шартта салттуу медианын ролун сактоо, маалыматты ыкчам жана так жеткирүү, ошондой эле ШКУнын күн тартибин кеңири аудиторияга туура жеткирүү маселеси өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.