ШКУнун 25 жылдыгы: Беларусь Кыргызстандын демилгелерин колдойт

ШКУ Загрузка... 22 Июль 2026 15:25
WhatsApp Image 2026-07-22 at 14.59.13.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саммитине карата Бишкек тарабынан сунушталган “ШКУнун 25 жылдыгы: тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү жолунда бирге” аталган тема уюмга мүчө бардык мамлекеттердин жана анын ичинде Беларустун кызыкчылыктарына толук жооп берет. Бул тууралуу Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында билдирди.

Анын айтымында, Беларусь Шанхай кызматташтык уюмунун толук кандуу мүчөсү катары Кыргызстан тарабынан сунушталган артыкчылыктуу багыттарды толугу менен колдойт жана аларды ишке ашырууда активдүү иш алып барууга даяр.

“Биз ШКУнун толук кандуу мүчөсү катары сиздер сунуштаган артыкчылыктарды толугу менен колдойбуз жана ишке ашыруу багытында биргелешип иштөөгө даярбыз”, - деди Рыженков.

Ал ошондой эле Беларусь тарап Кыргызстанда өтө турган ШКУ саммитине жогорку деңгээлде катышууну пландап жатканын белгиледи.

“Биз Кыргызстанда өтө турган саммитке эң жогорку деңгээлде катышууну пландап жатабыз. Албетте, өлкөбүздүн президентинин катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле бул тарыхый жана масштабдуу иш-чаранын алкагында өтө турган бардык маанилүү иш-чараларга катышабыз”, — деди Беларусь тышкы иштер министри.

Мындан тышкары, Максим Рыженков Беларусь Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спорт жана маданий багыттарда катыша тургандыктарын маалымдады.